㽶Ӱ

VICTORIA 2024 сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

VICTORIA 2024 сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

3&Բ;апреля&Բ;2024

#европатаануу#LAS#es

Европалык реалияларды билүүсүн сынаган жана БААУда Европа таануу бакалаврдык программасында билим алуу үчүн стипендияга ээ болууну каалаган жаштар үчүн салтка айланган VICTORIA 2024 сынагы жыйынтыкталды. Быйыл сынакка 116 киши катышты.

Сынакта ийгиликке жетишкен үч жеңүүчүнү Европа таануу программасында 8 семестр билим алуу үчүн 40% арзандатууга ээ болуусу менен куттуктайбыз.

  1. Валерия Алехина
  2. Мухаммад Аймукамбетов
  3. Эмир Усенов

Мындан тышкары сынактык программанын секциялары боюнча да жеңүүчүлөрү аныкталды:

Саясат: Асие Босумбаева

Адабият: Дарига Сабырджанова

Искусство: Бермет Джолоочуева

Тарых: Наргиза Садыкова

География: Бекболот Джакыпов

Жеңүүчүлөрдүн баарына сертификаттар жана белектер тапшырылды.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028