㽶Ӱ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУ жаңылыктары

Results: 4235

26
Jul
 
“Программалык инженерия”
БААУнун “Программалык инженерия” бакалавриат программасы программалык камсыздоону иштеп чыгуу, пайдалануу жана коштоо үчүн системалаштырылган жол тутууну колдоно алган, программалык камсыздоону жаратуу жана долбоорлоо процессинде инженердик принциптерди пайдалана турган адистерди даярдайт.
24
Jul
 
“Психология” факультети
“Психология” программасы Кошмо Штаттардагы психологиялык стандарттарын карманган жана колдонмо психологиянын артыкчылыктары менен жол туткан Кыргыз Республикасындагы алгачкы программа болуп эсептелет.
23
Jul
 
Ишкерлик жана бизнести башкаруу мектеби
БААУнун атаандаштыкка бекем бакалаврдык программаларынын бири – “Ишкерлик жана бизнести башкаруу мектеби”.
23
Jul
 
“Колдонмо математика жана информатика” факультети
Колдонмо математика – бул табигый жана социалдык кубулуштар тууралуу жаңы билимдерди алуу үчүн математикалык үлгүлөрдү иштеп чыгуу, изилдөө жана пайдаланууга байланышкан жана ар кандай технологиялык процесстерди башкаруу үчүн илим.
22
Jul
 
БААУнун “Кино, телевидение жана медиа искусстволор” факультети
Окутуу учурунда студенттер сценарий жазуу чеберчилиги, оператордук иш, монтаж, режиссура жана фото- жана видеого тартуулардын техникалык жөндөмдөрү боюнча теориялык жана практикалык ыкмаларга ээ болушат.
22
Jul
 
“Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультети
“Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин максаты – климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн жоголушу, суунун жетишсиздиги, жаан-чачындар менен түшүмдүн азайышы, жапайы жаратылыштын жоголушу сыяктуу ар кандай экологиялык көйгөйлөрдү терең түшүнүү жөндөмүнө ээ экология жана климатология тармагындагы жогорку кесиптик билими бар адистерди даярдоо.
22
Jul
 
Сатимбаев Исабек эмне себептен БААУга окууга тапшырууну чечкендиги тууралуу
«БААУну тандаганымдын себептери көп. Мисалы, көпчүлүктүн ой-пикири боюнча бул окуу жай өлкөбүздө эң мыкты болуп саналат», – Сатимбаев Исабек.
21
Jul
 
БААУнун соңку жыйынтыктоочу сынактарына каттоо узартылды!
БААУнун экинчи агымындагы соңку жыйынтыктоочу сынактарына каттоо 2024-жылдын 25-июлу саат 17:00гө чейин узартылды.
18
Jul
 
Бекмухамбетов Асхат ЖРТнын Алтын сертификаты жана БААУдан эмнелерди күтүп жатканы тууралуу
Ийгилик бул 1% талант жана 99% талыкпаган эмгек деп айтышат. Бул кептин маанисин ЖРТнын Алтын сертификаттарына ээ болуп, бизге окууга 100% арзандатуу менен кабыл алынган студенттер жакшы түшүнүшөт. Мына ошондой “алтын” студенттердин бири Бекмухамбетов Асхат болуп отурат. Анын маегин төмөндө окуңуз.
17
Jul
 
Жергиликтүү коомчулуктар менен байланыштарды өнүктүрүп
Өткөн аптада Чүй облустук китепканасында вакансиялар жарманкеси болуп өттү. Ага Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин китепканасы жана БААУнун Мейкерспейсинин командасы катышты. Алар жумуш издегендер үчүн эки окутуу сессиясын тартуулашты.


Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028